КӨЗДӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кайтаруу, көз болуу, көз салуу. Жылкыларды Кумар көздөп турган эле («Ала-Тоо»). 2. Максат кылуу, белгилүү бир максатта болуу, бир нерсени беттөө. Бир ишти көздөсө, Батийна аны өз билгениндей иштей берет (Сыдыкбеков). Элдин жыргалчылыгын көздөй турган эр азаматтардан болгула («Жаш ленинчи»). Бир жакка карай бет алуу, багыттануу. Кайыр-кош айтып Солтобай Калкын көздөп жөнөдү («Олжобай менен Кишимжан»). Шаарды көздөп бет алган жүргүнчүлөр кечээгиден бүгүн көбүрөөк сыяктанды («Ала-Тоо») .